7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ак-Ордо-3төгү окуя: Шектүү акча уурдоого киргенде үй ээлери ойгонуп кетишкен

28

Ак-Ордо-3 конушундагы эки адамдын өлүмүнө шектүү катары кармалган 19 жаштагы И.С. ал үйгө акча уурдоого киргенин айтып, көрсөтүп берди. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, акча уурдоого киргенде үй ээлери ойгонуп кетип, алардын көзүн тазалоого киришкен. Үй ээсине 18, анын эжесине 11 жолу бычак сайган. Бул окуя боюнча маалымат 3-октябрь түнү түшкөн.

Ички иштер министрлигинин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чараларынын натыйжасында, Бишкек шаарынын Ак-Ордо жаңы конушунда жасалган эки адамды өлтүрүүгө шектелген 2006-жылы туулган И.С. кармалган.

Эске салсак, 2025-жылдын 3-октябрында үйгө белгисиз эркек киши кирип, үй ээсине жана анын эжекесине бычак менен өлүмгө дуушар боло турган жаракаттарды келтирген.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси «адам өлтүрүү» менен кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө, маркумдун жубайы кенен көрсөтмө берип, шектүүнү тааныган.

Шектүү жаран ИИМдин “Коопсуз өлкө” долбооруна кошулган видеокамеранын жардамы менен кармалып, тергөө кызматына жеткирилди.

Кийинчерээк, кылмыш болгон жерде көрсөтмөлөр текшерилип, шектүү Бишкек шаарынын Ак-Ордо конушунда жасаган аракеттерин кеңири кайталаган жана Ысык-Көл облусуна бара жатканда Боом капчыгайындагы тилкеге бычактарды ыргытып жиберген жерин көрсөтүп берген. Кармалган жарандын көрсөтмөсү видеожазууга жазылды жана далил катары кылмыш ишинин материалдарына тиркелди.

Тергөө иштери жүрүп жатат.

29