7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан БУУнун Европа экономикалык комиссиясынын 86-сессиясына катышты

170

8-10-октябрь күндөрү Женева шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун Европа экономикалык комиссиясынын (UNECE) Туруктуу өнүгүү, турак жай жана жер пайдалануу боюнча комитетинин 86-сессиясы өтүп жатат. Ага 30дан ашуун өлкөнүн министрлери жана жогорку даражалуу өкүлдөрү катышууда.

Иш-чаранын алкагында турак жайга жеткиликтүүлүк, коомдук жана социалдык турак жай фондун кеңейтүү, жеке сектордук инвестицияларды тартуу, жер саясатын өркүндөтүү жана кыска мөөнөттүү ижараны жөнгө салуу маселелери талкууланды. Ошондой эле климаттык туруктуулук, инновациялык курулуш технологиялары жана эски имараттарды кайра пайдалануу сыяктуу темалар көтөрүлдү.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин орун басары Талантбек Иманакун уулу Кыргызстан аталган эл аралык демилгенин алкагында «Менин үйүм» долбоорун ийгиликтүү ишке ашырып жатканын белгилеп, акыркы үч жыл ичинде бул программа аркылуу 25 миңге жакын үй-бүлө мамлекеттик ипотека аркылуу турак жайлуу болгонун билдирди.

UNECE комитетинин маалыматына ылайык, учурда дүйнө жүзү боюнча 2 миллиарддан ашуун адам турак жайга муктаж.

171