7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Финансы министри 7 мектеп, жети кошумча корпус салуу үчүн 50 млн доллар кредит алды

251

Бүгүн финансы министри Алмаз Бакетаев менен Сауд Өнүктүрүү фондунун башкы директору Султан Абдурахман Аль-Маршад жолугушту. Анда “Мамлекеттик мектептерди куруу (2-фаза)” долбоорун ишке ашыруу максатында 50 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү кредиттик келишимге кол коюлду. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, алынган каражатка Бишкек шаарында 5 жаңы мектеп, 7 кошумча окуу корпусу жана Чүй облусунда 2 жаңы мектеп курулат. Бул мекемелер 150дөн 1000 окуучу чейин кабыл алууга ылайыкталат.

Министрлик бул долбоор сапаттуу билимге жетүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү жана социалдык инфраструктураны өнүктүрүүгө салым кошот деп белгиледи.

252