10-октябрь, жума күнү, бийик тоолуу райондордо кар, өрөөндөрдө жамгыр жаайт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +16…+21, Талас аймагында +15…+20, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +20…+25, Ысык-Көл жана Нарын өрөөнүндө +14…+19 градус ысык болот.
Күндүн табы борбор калаада +18…+20, Ош шаарында +22…+24 градуска көтөрүлөт.