7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Жогорку сот жана жергиликтүү соттор жөнүндөгү» мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

33

Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мыйзам 2025-жылдын 18-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Бул Мыйзамдын максаты Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун (мындан ары – Жогорку сот) жана жергиликтүү соттордун судьяларынын штаттык санынын өзгөрүшүнө байланыштуу маселелерди ыкчам чечүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын судьяларына жүктөмдү бирдей бөлүштүрүү болуп саналат.

Алсак, ушул Мыйзам менен “Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталат:

—          Жогорку соттун, биринчи жана экинчи инстанциядагы соттордун курамдарын тактоо;

—          Жогорку соттун, жергиликтүү соттордун судьяларынын штаттык санын Жогорку соттун төрагасы менен макулдашылган Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушунун негизинде Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныктоо;

—          жергиликтүү сотторду түзүүнү, кайра уюштурууну жана жоюуну Жогорку соттун төрагасы менен макулдашылган Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушунун негизинде Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныктоо.

34