Көзөмөл камералары орнотулган аймактарда кылмыштуулуктун саны 40% азайганын Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Алмаз Батырбаев Биринчи радионун түз эфиринде билдирди.
Маалыматка ылайык, өлкө боюнча коомдук жайларга 3 миңден ашык видеокамера орнотулган. Камералардан алынган бардык маалыматтар Мониторинг борборуна өткөрүлүп берилет.
“Эгер коомдук жайда кылмыш жасалса, ИИМдин кызматкерлери дароо маалымат алып, камералар аркылуу абалды көзөмөлдөй башташат. Видео камералар орнотулган жерлерде кылмыштуулук 40%га азайды деп ишенимдүү айта алабыз”, — дейт ал.