Дүйнөлүк банктын жаңы экономикалык баяндамасына ылайык, 2025-жылы Кыргызстан Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен эң жогорку экономикалык өсүш темпи – 9,2% болот деп күтүлүүдө.
Докладга ылайык, Борбордук Азия үчүнчү жыл катары менен Европа менен Борбордук Азиядагы эң тез өнүгүп жаткан субрегион бойдон калууда. 2025-жылы аймак үчүн ИДПнын өсүшү өткөн жылдагы 5,7% дан 5,9% га жетет деп болжолдонууда.
Дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча, региондук экономикалык өсүш эмгек мигранттарынын акча которууларынын көбөйүшү, жигердүү мамлекеттик жана жеке инвестициялар жана Казакстанда мунай өндүрүүнүн өсүшү менен колдоого алынат.
Ошол эле учурда Дүйнөлүк банктын эксперттери демографиялык басымга, айрыкча жаштардын кысымына кабылган Борбор Азия өлкөлөрү туруктуу өсүштү жана өндүрүмдүүлүктү жогорулатууну камсыз кылуу үчүн жумуш орундарын түзүүгө, билим берүүнүн сапатын жакшыртууга жана инфраструктураны өнүктүрүүгө көбүрөөк инвестиция салышы керектигин белгилешет.
Дүйнөлүк банктын болжолуна ылайык, Кыргызстан региондогу экономикалык өсүш боюнча лидер бойдон кала берет, бул улуттук экономиканын динамикалуу калыбына келишин жана инвестицияны жана ишкердикти колдоо боюнча активдүү чараларды чагылдырат.