7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Камчыбек Ташиев медицина кызматкерлерине 30 автоунаа тапшырды

172

Бүгүн, 11-октябрда, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Алийма Ташиева атындагы Эне жана баланы коргоо борборунун кызматкерлерине 30 кызматтык автоунаа тапшырды.

Иш-чарада Камчыбек Ташиев медицина кызматкерлеринин коомдогу өзгөчө ордуна токтолуп, алардын эмгеги ар дайым урматтоого жана колдоого татыктуу экенин белгиледи. Ал автоунаалар демөөрчүлөрдүн жардамы менен алынганын да кошумчалады.

Борбордун кызматкерлери бул колдоону ыраазычылык менен кабыл алып, мамлекеттин жана жетекчиликтин мындай камкордугу аларга ишеним берип, кызматка болгон жоопкерчиликти күчөтөрүн айтышты.

Камчыбек Ташиев өз сөзүндө Президенттин тапшырмасына ылайык, медицина кызматкерлерин турак жай менен камсыз кылуу маселеси да мамлекеттик көзөмөлдө экенин белгиледи. Дарыгерлерге Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу мыйзам чегинде үй алуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөнүн эске салды.

Эске сала кетсек, буга чейин, 31-августта, Камчыбек Ташиев аталган борборго келип, медицина кызматкерлерине ар тараптуу колдоо көрсөтүлөрүн убада кылган жана бейтаптардан акча талап кылбоо тууралуу катуу эскертүү берген болчу.

173