7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Трамп Газа тилкесиндеги жаңжалдын аяктаганын жар салды (ВИДЕО)

176

АКШнын президенти Дональд Трамп Газа тилкесиндеги жаңжалдын аяктаганын Израилдин парламентинде сүйлөп жатканда билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

«Согуш аягына чыкты», — деген ал кнессетте.

Трамп парламенттеги эстелик китепчеге конок катары пикирин жазып жатып, бул күндү «улуу» деп белгилеген. Муну менен катар эле ал ХАМАС курал таштоого макул болгонун айткан.

Бүгүн эртең менен Газа секторунда кармалып турган израилдик туткундардын биринчи тобу өзүнүн мекенине өткөн, өлгөндөрдүн сөөгү да берилген. Аны менен катар эле Израиль бошоткон палестиналык 1 966 туткундун да өз аймагына жөнөө үчүн автобустарга отурганы айтылган.

Эскерте кетсек, Трамптын тынчтык орнотуу планына ылайык, Газа секторунда атышуу 10-октябрда токтогон. Анда 72 сааттын ичинде туткундарды бошотушу керектиги белгиленген.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

177