7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Германиянын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды

166

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-октябрда, Германия Федеративдүү Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Моника Ленхардды кабыл алды.

Мамлекет башчысы Элчинин ишеним грамоталарын кабыл алып, аны Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктады. Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

«Биздин мамлекеттерди достук мамилелер байланыштырат. Биз мамлекеттер аралык мамилелерибизди жогору баалайбыз жана аларды бардык өз ара кызыкчылыкты туудурган чөйрөлөрдө кеңейтүүгө кызыкдарбыз», — деди Садыр Жапаров.

Ал Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен тыгыз саясий диалогго өзгөчө көңүл буруп, 2023-жылы Бишкекте жана 2024-жылы Берлинде болгон жемиштүү жолугушууларды эске салды. Садыр Жапаров ошондой эле Франк-Вальтер Штайнмайерге салам жолдоп, эң жакшы каалоолорун айтты.

Мамлекет башчысы акыркы жылдары өлкөлөр ортосундагы соода кызматташтыгы активдүү өнүгүп жатканын белгилеп, Кыргызстандын экологиялык таза айыл чарба өндүрүмү жаатында германиялык өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө даяр экенин билдирди.

Өз кезегинде Элчи Моника Ленхард Мамлекет башчысына жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, эки тараптуу алакаларды мындан ары да чыңдоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Ошондой эле өз ара пайдалуу өнөктөштүктү өнүктүрүүгө жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга көмөктөшүү үчүн бардык күч-аракетин жумшоого даярдыгын баса белгиледи.

 

167