7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

7 жана 8 жашта болушкан. Кара-Балтада 2 өспүрүмдү сүзүп кеткен айдоочу кармалды

180

Кара-Балтада эки өспүрүмдү сүзүп кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 13-октябрында болжол менен саат 18:30 чамасында Кара-Балта шаарында, Чапаев көчөсүндө жүк ташуучу унаанын айдоочусу, 1956-жылы туулган жаран Г.М. түндүктөн түштүк багыты боюнча бара жатып, жөө жүргөн эки өспүрүмдү 2018-жылы төрөлгөн А.А. жана 2017-жылы төрөлгөн А.И. сүзүп кеткендиги аныкталган.

Жол кырсыгынын кесепетинен эки өспүрүм окуя болгон жерде каза болушкан.

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин (Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

Айдоочу Г.М. Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Тергөө иштери уланууда.

181