7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте жалган жеңүүчүлөрдү жарыялап, жеке баюууну көздөгөн лотерея уюштуруучулары кармалды

32

Бишкекте мыйзамсыз лотерея өткөргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кылмыштуу топтун эч кандай уруксат документтери жок жана КРнын «Лотереялар жөнүндө» Мыйзамынын талаптарын бузуу менен «Ош сила» фиктивдүү лотереясын өткөрүү жолу менен алдамчылык схемасы уюштурулгандыгы аныкталган.

Тергөөнүн жүрүшүндө аталган лотереянын уюштуруучулары лотереянын катышуучуларынын акчасын алуу жана жеке баюу максатында лотерея ойнотуп, анын жыйынтыгында жасалма жеңүүчүлөр аныкталганы такталган.

“Көптөгөн катышуучуларды тартуу үчүн лотереяда кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк (унаа, батир, жер) түрүндөгү кымбат баалуу байгелер ойнотулган. Ал эми жеңүүчүлөр атайын дайындалган (жалган) адамдар болгон жана бардык байгелер лотереянын уюштуруучуларында калган. Муну менен алар жасалма байгелер менен карапайым жарандарды адаштырып, алдамчылык иштеринен түшкөн пайданы көбөйтүшкөн.

«Ош сила» лотерея кеңсесинде жүргүзүлгөн тинтүү иштеринин натыйжасында буюм далилдери — лотерея билеттерин басып чыгаруучу принтер, тираж үчүн барабан, мыйзамсыз лотереяларда байге катары колдонулган автоунаалар, ошондой эле мыйзамсыз иш-аракетти тастыктаган документтер табылып, алынган. Бул факты боюнча алдамчылык (КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 2-пункту) боюнча кылмыш иши козголуп, мыйзамсыз лотереянын уюштуруучулары К.у.К. жана Б.М.А. кармалып, № 21 тергөө абагына киргизилди.
Учурда бул фактыга тиешеси бар бардык жагдайларды жана адамдарды аныктоо боюнча кошумча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө”, — деп жазылат маалыматта.

33