Баткен шаарындагы борбордук стадиондо “Манас оюндары” спорттук иш-чарасы жыйынтыкталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, “Манас оюндары” айкүр (канталамай), кыргыз күрөшү, ордо, салбуурун жана тогуз коргоол боюнча өткөрүлдү.
Улуттук спорттук оюндарга Кыргызстандын 7 облусунан жана 2 шаарынан келген спортчулар катышып, жеңүүчүлөр медаль, диплом жана акчалай сыйлык менен сыйланды.
Жыйынтыгында:
Бишкек шаары — 1-орун, 800 000 сом;
Ысык-Көл облусу 2-орун, 500 000 сом;
Талас облусу — 3-орун, 300 000 сом;
Чүй облусу — 4-орун, 200 000 сом;
Баткен облусу — 5-орун, 100 000 сом;
Ош шаары — 6-орун, 100 000 сом;
Нарын облусу — 7-орун, 100 000 сом;
Ош облусу — 8-орун, 100 000 сом;
Жалал-Абад облусу — 9-орун, 100 000 сом.