7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Эң мыкты аялзатынын ролу» номинациясын студент кыз жеңип алды

346

Москвада өткөн эл аралык фестивалда Таттыбүбү Андабекова «Эң мыкты аялзатынын ролу» номинациясын жеңип алды. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Т. Абдумомунов атындагы КУАДТнын алдындагы Театралдык окуу жайынын 3-курсунун студенттери Ч. Айтматовдун «Бетме-бет» драмасы менен фестивалга катышкан.

Жалпы 15 катышуучуга 4 номинация боюнча сыйлык тапшырылып, «Эң мыкты аялзатынын ролу» номинациясы 3-курстун студенти Таттыбүбү Андабековага ыйгарылды. Ал «Бетме-бет» драмасында Сейденин образын жараткан.

Белгилей кетсек, «Точка А» театралдык фестивалы 2025-жылдын 6-октябрынан баштап 12-октябрына чейин өттү.

347