2025-жылдын үчүнчү кварталында орточо эсеп менен калктын адам башына алгандагы жашоо минимуму жалпы республика боюнча 8 758,60 сомду түздү жана өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырганда 11 пайызга өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирет.
Өкмөттүн 2009-жылдын 6-ноябрындагы №694 токтому менен бекитилген жашоо минимумунун түзүмүнө ылайык, андагы азык-түлүк товарларынын үлүшү 65 пайызды, азык-түлүк эмес товарлар — 16 пайызды, кызмат көрсөтүүлөр — 17 пайызды жана салыктар 2 пайызды түзөт. Азык-түлүк баштыгынын энергетикалык баалуулугу 2101 ккалды түзөт, ал эми анын химиялык курамы 73 грамм белокту жана 71 грамм майды камтыйт.
— Эмгекке жарамдуу курактагы калктын жашоо минимуму 9 818,4 сомду түздү, бул өткөн жылга салыштырмалуу 11,2% га көп;
— Эркектер — 10 063,6 сом (+11,5%),
— Аялдар- 9 766,7 сом (+11,6%);
— Пенсионерлер — 7 760 сом (+11%);
— Балдарга — 7 413,2 сом (+10,6%),
— 7 жашка чейинки балдар — 6 572,1 сом (+10,4%),
— 7ден 14кө чейинки — 7 678,4 сом (+10,5%),
— 14төн 17ге чейин — 8 471,2 сом (+11%).