Кыргызстандын Улуттук Олимпиада комитети олимпиадалык стипендия ала турган спортчулардын ысымдарын атады.
Тизмеге спорттун сегиз түрү боюнча 18 спортчу кирген. Алар 2025-жылдын сентябрынан 2028-жылдын июлуна чейин 500 доллардан алышат.
Биринчи стипендияларды тапшыруу аземи КР УОКтун кеңсесинде өттү.
«Бул стипендиялык программа спортчуларга машыгууга көңүл буруп, чеберчилигин жогорулатууга жана Олимпиада оюндарында Кыргызстанды ийгиликтүү көрсөтүүгө мүмкүндүк берет», — деп айтылат маалыматта.
Олимпиадалык стипендия алуучулар:
Акжол Махмудов, грек-рим күрөшү;
Жоламан Шаршенбеков, грек-рим күрөшү;
Эрназар Акматалиев, эркин күрөш;
Бекзат Алмаз уулу, эркин күрөш;
Айсулуу Тыныбекова, эркин күрөш;
Мээрим Жуманазарова, эркин күрөш;
Айпери Медет кызы, эркин күрөш;
Калмира Билимбекова, эркин күрөш;
Ихтияр Нышонов, бокс;
Мырзакир Кошалиев, бокс;
Зарина Асанова, бокс;
Денис Петрашов, сууда сүзүү;
Эрлан Шеров, дзюдо;
Адина Көчкөнбаева, дзюдо;
Родион Туйгунов, кайык менен сүзүү;
Арууке Талантбекова, атуу;
Асел Шарбекова, жаа атуу;
Айнуска Калил кызы, жеңил атлетика.
Ошондой эле КР УОК 10 спортчу Токио Олимпиадасына чейин, 15 спортчу Париж Олимпиадасына чейин стипендия алганын кошумчалады.