Ысык-Ата районунун Ивановка айылындагы христиандардын көрүстөнүндө 17 жаштагы өспүрүм мүрзөлөрдүн таштарын бейбаштык менен боёгондугу үчүн кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 6-октябрда Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө чалуу түшкөн. Өспүрүм таштарды балончик сыры менен боёп чыккан.
Аталган факт каттоого алынып, тергөө иштерине ыкчам-тергөө тобу тартылган. Жерине барган кызматкерлер бир нече мүрзө таштарынын сырдалганын аныкташкан.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин жыйынтыгында милиция кызматкерлери 2008-жылы туулган, жашы жете элек С.Р. аттуу Ивановка айылынын тургунун шектүү катары аныктап, ички иштер бөлүмүнө алып келишкен.
Учурда тергөө иштери улантылууда. Натыйжасында мыйзам чегинде тиешелүү чечим кабыл алынат.