7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ким Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайлана алат?

19

Ким Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайлана алат? Алдыда биз эл өкүлү болуу үчүн кандай талаптар коюлганын тизмектейбиз.

Кыргызстандын жараны төмөнкүдөй учурларда Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайлана алат.

  • Шайлоо күнү 25 жашка толгон;
  • Шайлоого укугу бар;
  • Жогорку кесиптик билими бар;
  • Мамлекеттик тилди билген;
  • Депутаттыкка талапкерлигин көрсөтүүгө чейин акыркы 5 жылдан кем эмес республикада туруктуу жашаган адам.

Өлкөнүн аймагында туруктуу жашаган жеринде өлкөнүн чегинен тышкары иш, изилдөө, кызматтык жана башка себептер боюнча иш сапарларга чыгууда жыл сайын алты айга чейин үзгүлтүккө уруксат берилет.

Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланууга төмөнкү адамдар шайлана албайт.

  • Соттолгондугу бар, анын ичинде алып салынган же жоюлган;
  • Аларга карата кылмыш иши реабилитацияланбаган негиздер боюнча кыскартылган, төмөнкүлөрдү кошпогондо:
  • Коркунучтуулугу аз кылмыштар этиятсыздыктан жасалган анча оор эмес кылмыштар;
  • Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жана аларда каралган тартипте жабырлануучу жеке-ачык айыптоону колдоодон баш тарткан жана (же) жабырлануучу айыпталуучу менен макулдашууга жетишкен учурлар;
  • Диний ишмерлер өздөрүнүн диний ишин токтонкондон кийин 5 жыл ичинде.

Талапкерлер канча каражат төлөйт?

  • Талапкерлер үчүн шайлоо төгүмү 300 миң сомду түзөт.
  • III топтогу майыптыгы бар талапкерлер үчүн 70 миң сом,
  • I жана II топтогу майыптыгы барларга 50 миң сом.
20