7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Индияда автобус өрттөнүп, 57 жүргүнчүнүн 20га жакыны набыт болду

161

Күн мурун Индиянын батышындагы Раджастхан штатында жүргүнчү ташыган автобус күйүп, кеминде 20 адам каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазып чыгышууда.

Маалыматка караганда, кырсык Раджастхан штатынын борбору Жайпур шаарынан 548 чакырым батышта жайгашкан Жайсалмер районунда болгон. Автобуста жалпысынан 57 жүргүнчү болгон.

Түтүн адегенде автобустун арткы бөлүгүнөн чыга баштаган. Айдоочу дароо токтоткон менен жалын бат эле салонго тараган.

Өрттүн келип чыгуу себеби азырынча тактала элек. Учурда тийиштүү кызматтар учурда иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

162