7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Касымалиев Токмоктогу “Базальт Эвотек” ишканасынын курулушуна старт берди

20

Базальт ишканасынын курулушу өлкөнүн өнөр жайын өнүктүрүү үчүн өзгөчө мааниге ээ жана Кыргызстанды индустриялаштыруу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун жаңы этабынын башаты. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Токмок шаарында “Базальт Эвотек” ишкананын курулушуна мезгил кутучасын салуу учурунда билдирди.

Маалым болгондой, жыл башынан бери инвестициянын жалпы көлөмү 334,4 млн долларды түзгөн 77 өнөр жай ишканасы ишке киргизилип, 6 миңден ашуун жаңы жумуш оруну түзүлдү.

«Бүгүнкү күндө биз Кыргызстанда биринчи ири масштабдуу үзгүлтүксүз базальт буласын чыгаруучу заводдун курулушуна мезгил кутучасын салуудабыз. Долбоор экономиканы диверсификациялоо, инвестиция тартуу жана өлкөнүн өнөр жай потенциалын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясаттын алкагында ишке ашырылууда», — деп белгиледи минкаб төрагасы.

Өнөр жай өндүрүшү 11,5%га өстү, ишканалар 437,1 млрд сомдук продукция чыгарышты. Ишкананын курулушу үчүн инвестициянын көлөмү 42 миллион долларды түзүп, анын өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 5 миң тонна базальт буласын чыгарат.

«Бул ишкананын курулуш тармагы үчүн мааниси чоң. Ата мекендик базальт буласын өндүрүү импортко болгон көз карандылыкты азайтып, базар баасын турукташтырат», — деп белгиледи Адылбек Касымалиев.

Ал министрлер кабинети тарабынан 2024–2030-жылдарга “Базальт буласы жана материалдары” мамлекеттик программасы бекитилгенин, анын максаты жаңы өнөр жай секторун түзүү, импортко көз карандылыкты азайтуу жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү экенин эске салды.

«Бүгүнкү ишкана бул программаны ишке ашырып жаткан алгачкы долбоорлордун бири. Мамлекет келечектүү жана стратегиялык демилгелерге ар тараптуу колдоо көрсөтөт», — деди минкаб төрагасы.

Адылбек Касымалиев Чүй облусу өлкөнүн өнөр жай борбору экенин, Токмок шаары тарыхта өнөр жайды өнүктүрүүдө негизги ролду ойноп келгенин кошумчалады.

«Токмок кайрадан өнөр жай борбору статусуна ээ болууда. Стратегиялык жайгашуусу, логистикалык мүмкүнчүлүктөрү жана жумушчу күчүнүн аркасында шаар Кыргызстандын түндүк-чыгышындагы өнөр жай борборуна айланууда», — деп кошумчалады ал.

«Ар бир жаңы ишкана — бул ишенимдин, талыкпаган эмгектин жана жаркын келечектин символу. Биз жаңы Кыргызстанды – өз каражаттарына жана жарандарына ишенген өлкөнү куруп жатабыз», – деп сөзүн жыйынтыктады минкаб төрагасы.

21