Шайлоо аяктаганга чейин мамлекеттик кызматкерлер талапкерлердин сүрөт, видеолорун бөлүшүүгө, мессенджерлер аркылуу жөнөтүүгө, лайк басууга, алар менен жекече жолугууга укугу жок. Булардын баары административдик ресурсту пайдалануу деп эсептелинет. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев 14-октябрда Биринчи радионун түз эфиринде айтты.
Анын айтымында, мамлекеттик же муниципалдык кызматкердин конкреттүү талапкерди колдоосу өкмөттүн токтомун бузуу болуп саналат жана мыйзам боюнча жазаланат. Мамлекеттик кызматкерлер шайлоого катышуу үчүн ишин убактылуу токтотушу керек.
Ал административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу деп эсептеле турган мамлекеттик кызматкерлердин бир катар аракеттерин белгиледи:
— айрым талапкерлер үчүн орун сунуштоо;
— эгерде ар башка талапкерлерге үгүт жүргүзүү үчүн ар кандай шарттар жана талаптар сунушталса;
— сүрөттөр менен видеолорду мессенджер чаттары аркылуу жөнөтсө;
— социалдык тармактарда лайк басып, репост кылса;
-бийлик өкүлдөрүнүн белгилүү бир талапкерлер менен гана жолукса мыйзам ченинде жазаланат.