7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

COVID-19. Бишкек мэриясы кайсы мектептер карантинге жабылгандыгын айтты

687

Бишкекте №13, №28 жана №52 билим берүү мекемелери аралыктан окушууда. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, мектептердин онлайн режимге өтүүсү коронавирус илдетин жуктуруп алган окуучу же мугалим менен болгон байланыштан улам каралган.

«Акыркы чечимди Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун эпидемиологдору кабыл алышат. Коронавирус илдети аныкталганда Билим берүү жана илим, Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрликтеринин алгоритмдерине жана Борбордук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматынын буйругуна ылайык ыкчам иш жүргүзүлөт», — дейт ал.

Мындан тышкары, Борбордук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматынын көрсөтмөсүнө ылайык, жети мектептин 11 классы онлайн режиминде билим берүүгө өттү.

Мэрия кошумчалагандай, 9-апрелге карата 22 баладан COVID-19 тастыкталган, ал эми мугалимдер арасында — 16 учур катталган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

688