Айыл Банк фермерлер үчүн санарип банк өнүмүн иштеп чыгуу үчүн грант алды. 14-апрелде каржы институту менен Кыргыз Республикасынын Банктар Бирлигинин ортосунда гранттык келишимге кол коюлган. Бул тууралуу банктын сайтында кабарланган.
«Базарга жетүүнү камсыз кылуу» долбоору дыйкандар менен электрондук байланышты өркүндөтүүгө багытталган банктык санариптик каржы өнүмдөрүн өнүктүрүүнү жарым-жартылай каржылайт.
«Айыл Банктын» идеясы — дыйкандарды республиканын бардык аймагындагы, ЕАЭБ мейкиндигиндеги жана Кыргыз Республикасы менен тыгыз соода мамилелери бар жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөгү өнөр жай жана соода ишканаларына кошуу үчүн адилеттүү соода аянтчасын түзүү.