Кара-Кече көмүр кенин өзүм билемдик менен кымбаттаткан айдоочулар Кара-Кеченин кара тизмесине кирет. Бул тууралуу “Кыргызкөмүр” ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, эгерде “Кара-Кече” көмүр кенинен белгиленген баада алынган көмүр Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан бекитилген чектен жогору сатылганы аныкталса, мындай айдоочулар кийинки жолу кен аймагына кирүүгө тыюу салынат.
Учурда кенде көмүр баасы тоннасына 2460 сомду түзөт, ал эми Бишкек шаарында Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан бекитилген чектөөчү баа 6600 сомдон ашпоого тийиш.
Компаниядан белгилешкендей, көмүрдү 5–6 эсеге жогорулатып сатуу же бааны жасалма түрдө көтөрүү мыйзам бузуу болуп эсептелет.
“Бардык айдоочулардан өтүнүч, белгиленген бааларды сактап, мыйзам чегинде иштегиле. Бул гана бааларды туруктуу кармоого жана калкка жеткиликтүү көмүрдү камсыздоого мүмкүндүк берет”, — деди “Кара-Кече” филиалынын директору Талант Скандербеков.