7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

1-2-класстар үчүн жаңы китептер басылып чыгып, таратылууда

30

Окуу китеби» басма үйү» мамлекеттик мекемесине табигый илимдер, математика жана англис тили предметтери боюнча окуу-методикалык комплекстерди колдонуу укугу алынган. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.

Учурда окуу китептери кыргыз жана орус тилдеринде окутулган мектептер үчүн адаптацияланып, редакциялоо жана «Учкун» ААК тарабынан басып чыгаруу иштери жүрүүдө.

Бүгүнкү күндө:

  • «Математика», 1-класс – 295 880 нускада басылып чыгып, мектептерге жеткирилди;
  • «Мен жана дүйнө», 1-класс – 295 880 нускада басылып, таратылууда;
  • «Математика», 2-класс – 344 660 нускада басылып чыгып, мектептерге таратыла баштады;
  • «Табигый илимдер», 2-класс – басууга даярдалууда.

Бул окуу китептери мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык даярдалып, окутуунун сапатын жогорулатууга багытталган.

31