7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өзбекстандан Кыргызстанга 8 ай ичинде 1,2 миң тоннадан ашык алма импорттолду

28

Кыргызстан 2025-жылдын январь–август айларында, башкача айтканда 8 айда эле Өзбекстандан 1,2 миң тоннадан ашык алма импорттоду. Бул тууралуу Өзбекстандын Статистика комитети жазды.

Маалым болгондой, ушул мезгил аралыгында өлкө жалпы көлөмү 22,6 миң тонна болгон алманы 10 мамлекетке экспорттогон. Экспорттун жалпы суммасы 11,6 млн АКШ долларын түздү.

Маалыматта белгиленгендей, Өзбекстандын алмасы негизинен Россияга (10 721 тонна) жана Казакстанга (10 098 тонна) жөнөтүлгөн. Кыргызстанга 1 275 тонна, Түркмөнстанга 167,4 тонна, Иракка 164,3 тонна жана башка өлкөлөргө 192,2 тонна алма экспорттолгон.

Өзбекстан экспорттогон алманын 90 пайыздан ашыгы Россия менен Казакстанга кеткен.

29