20-октябрь саат 18:40 чамасында Бишкек шаарындагы Ч.Айтматов менен Алтымышев көчөлөрүнүн кесилишинен 3 жаштагы С.А. аттуу кызды 39 жаштагы “GMC ACADIA” үлгүсүндөгү автоунаанын ээси Б.А.Т. сүзүп, кыз алган жаракатынан улам каза болду. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 20-октябрында кылмыш иши козголуп, айдоочу 1986-ж.т. Б.А.Т., кылмыш шектүү катары кармалып, Бишкек ШИИББнын убактылку кармоочу жайына киргизилген.