7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкек — Кант — Токмок унаа жолунун оң бөлүгүнө асфальт төшөлүп жатат

175

Бишкек — Кант — Токмок унаа жолуна асфальттын биринчи катмарын төшөө иштери уланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Азыр жумуштар трассанын Калининадан Лермонтов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө, жолдун оң тарабында жүрүп жатат.

Алдыда тротуар, лоток орнотуу жумуштары башталат.

Эске салсак, буга чейин жолдун сол тарабына асфальттын биринчи катмары басылган.

Белгилей кетсек, Бишкек — Кант — Токмок унаа жолунун 5+200-9+050-чакырымдар аралыгын (Новопокровкадан Лермонтовага чейин) капиталдык оңдоодон өткөрүү мерчемделип, анда асфальт төшөө менен катар көпүрөнү оңдоо, эки тарабынан тротуар, унаа токтотуучу жай жана башка иштер каралган.

176