Бүгүн эл аралык коомчулук Кыргызстандын демилгеси менен Ак илбирстин эл аралык күнүн алгачкы жолу расмий түрдө белгилеп жатат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров социалдык тармагындагы баракчасына жазды.
«Урматтуу мекендештер! Кыргызстандын дүйнө жүзүндөгү достору! Бүгүн эл аралык коомчулук алгачкы жолу расмий түрдө Ак илбирстин эл аралык күнүн белгилеп жатат. Бул демилге дал ушул кыргыз жергесинен, биздин элибиздин чын жүрөгүнөн чыгып, бүтүндөй дүйнө жүзүнө тараганы мен үчүн өзгөчө сыймык!
Бир жыл мурда тагдыры улуу тоолор жана ошол улуу тоолордо байыр алган улук жаныбар менен ажырагыс байланышта жашап келе жаткан элибиз маанилүү сунуш менен чыккан элек. Ага дүйнө жүзү кулак төшөдү! Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Ак илбирстин эл аралык күнүн белгилөө боюнча резолюциясынын бир добуштан кабыл алынышы дипломатиялык ийгилик гана эмес, табият мурастарын сактоонун алдында чек аралардын мааниси жоголуп, адамзат бир муштумдай биримдигин көрсөтө алгандыгынын айкын далили болуп калды.
Кыргызстан менен ак илбирсти айрып кароого мүмкүн эмес. Ак илбирс – ак кар баскан тоолорубуздун жаны, көк мелжиген чокуларыбыздын сакчысы, эзелтен туу тутуп келаткан эркиндигибиз менен чыдамкайлыгыбыздын жандуу символу. Ал дагы элибиз сыяктуу ак мөңгүлүү тоолоруна берилген, эң кыйын кезеңдерде дагы өз жерин таштап кетпейт. Биз, улуу тоонун уул-кыздары асман тиреген бийик чокулардан эркиндикти, эгемендикти жана майтарылбас эркти үйрөндүк.
Тээ байыртадан бери ата-бабаларыбыз ак илбирс сыяктуу өз баалуулуктарын сактап, кылымдардан кылымдарды карытты. Эгемендикти сүйгөн деми, бекем эрки, чыдамкайлыгы менен катаал шарттардан майышпай чыгып, ар кандай тарыхый сыноолорду жеңип келишти. Мындай даңктуу элдин урпагы катары биз ушул касиеттүү жаныбар сымал күчүбүздү башка элдерди багынтуу үчүн эмес, өз Мекенибизди, наркыбызды, салтыбызды жана үй-бүлөбүздү коргоо үчүн топтойбуз. Мындан ары да түпкү тамырыбызга, өзөгүбүзгө берилген бойдон калабыз, андан ары өнүгүп-өсөбүз.
Биздин БУУга сунуш киргизүүбүз мыйзам ченемдүү кадам эле. Анткени дүйнө жоголуу алдында турган сейрек жаныбар тууралуу гана эмес, ошол жаратылыштын бир бөлүгү болгон эл тууралуу да билүүгө тийиш болчу. Ак илбирсти коргоо бул ошол бир бөлүгүбүздү сактоо дегенди билдирет. Ал жашаган чөйрөнү сактоо — планета калкынын үчтөн бирин суу менен камсыз кылган булактарды коргоо деген сөз!
Бүгүнкү күн ак илбирстин көркөмдүгүнө суктануу үчүн эле себеп эмес. Бул күн – адамзатты абийирге жана жоопкерчиликке глобалдык чакырык. Бардык өлкөлөр менен дүйнө элине бул уникалдуу жаныбарды жана анын аяр экосистемасын коргоо үчүн күч-аракеттерди бириктирүүгө болгон кайрылуу болуп саналат.
Ак илбирс күнүндө Кыргызстан тоолорубуздун сакчысын даңазалаган дүйнөлүк акциянын башында турат. Алардын аман калышы биздин экосистемабызга, мурасыбызга жана келечегибизге түздөн-түз байланыштуу.
Биз 23-октябрда ак илбирстин урматына символикалуу түрдө 23 мүнөт убактыбызды жөө басууга, көнүгүүгө жана сейилдөөгө арнайбыз. Жаратылышты коргоо – бул биздин спорт, ал эми ак илбирсти коргоо – биздин жалпы жеңишибиз!
Келгиле, бул баа жеткис мурасты чогуу сактайлы! Майрамыңыздар менен! Ак илбирстин эл аралык күнү кут болсун!», — дейт өлкө башчы.