Бүгүн, 2025-жылдын 23-октябрында УКМК төрагасы генерал-полковник К.К.Ташиев Нарын облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы коомдук маданий борборунун курулушуна капсула салды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, Ак-Талаа районунун Баетов айылынын түштүк тарабына Т.Жолдубаев жана А.Султаналиев көчөлөрүнүн кесилишине маданий борборун куруу иштери «Барс-курулуш» жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан башталып, имараттын котлованы казылган.
Долбоордун курулушу Президенттин турукташтыруу фонду тарабынан каржыланат. Жалпы сметалык баасы болжолдуу 150 млн сом.
Маданият борборунун жалпы аянты 0,40 га болуп, 3-кабаттуу, жер төлөсү да каралган. Комплексте кинотеатр, китепкана, музей, иш бөлмөлөр, конок күтүү залдары, маданият өкүлдөрүнө керектүү заманбап шарттар камсыздалган.
Өз кезегинде УКМК Төрагасы өлкөнүн маданият тармагына өзгөчө көңүл бөлүү зарылдыгын, аймактарга керектүү маданият үйлөрүн куруу маанилүү экенин баса белгиледи. Андыктан Баетов айылына курулуп жаткан Маданият борборуна да өзгөчө көңүл бөлүп, сапаттуу курууну тапшырды.
Белгилей кетсек, Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы коомдук маданий борборунун курулушун 2026-жылы бүткөрүү пландалууда.