7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Нарында оңдоп-түзөөдөн өткөн автобекет ачылды

155

Нарын шаарында жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн заманбап стандарттарына толук жооп берген оңдоп-түзөөдөн өткөн автобекет ачылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында оңдоп-түзөөдөн өткөн мекемеге барды. Ал белгилегендей, долбоордун негизги максаты жарандарга сапаттуу тейлөө жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.

«Мындай деңгээлдеги автобекет башка аймактарда жок. Аны максаттуу пайдаланып, түзүлгөн инфраструктурага кылдат мамиле кылуу керек», — деп баса белгилейт Ташиев.

Автобекетти капиталдык оңдоп-түзөө иштери президенттин мүлкүн башкаруу башкармалыгынын көзөмөлүндө жүргүзүлүп, стабилдештирүү фондунан 53 миллион сом бөлүнгөн.

Имарат жылытуу системасы жана кондиционер менен жабдылган, жүргүнчүлөр үчүн заманбап күтүү жайлар түзүлүп, экинчи кабатта башка аймактардан келген айдоочулар үчүн эс алуу бөлмөлөрү жайгашкан.

156