7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Илияз Иманбетов Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы болуп дайындалды

806

Иманбетов Илияз Жеңишович Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу Салык кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка 14-апрелде премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон.

Ал эми жаңы дайындалган жетекчини күн мурун КР вице-премьер-министри – экономика жана финансы министри Улукбек Кармышаков Салык кызматынын жамаатына тааныштырды.

Илияз Иманбетов бул кызматка дайындалганга чейин Мамлекеттик салык кызматынын ЕАЭБ алкагында кыйыр салыктар менен иштөө башкармалыгынын начальниги болуп иштеп келген. Салык чөйрөсүндө 20 жылдан ашык иштеп келет, басымдуу бөлүгүндө жетектөөчү кызматтарды аркалаган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

807