7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чүйдө чет элдик жарандын баалуу буюмдарын тартып алган жаран кармалды

500

Чүйдө чет элдик жарандын баалуу буюмдарын тартып алган жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМбин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын октябрь айында Бишкек шаарынын Свердлов РИИБге Кытай Эл Республикасынын жараны 1977-жылы туулган Ч.Х. арыз менен кайрылып, кылмыш жасоого тиешеси бар белгисиз жарандарга карата мыйзам чегинде чараларды көрүп берүүлөрүн суранган.

2020-жылдын 11-октябрь күнү Бишкекте азият түспөлүндөгү үч адам Кытай Эл Республикасынын жараны убактылуу жашаган үйгө кирип келишкен. Турак жайга кирип, ал жакта жашагандарды сабап, физикалык күч колдонушуп, ири өлчөмдөгү акча каражатын жана iPhone үлгүсүндөгү уюлдук телефонун, документтерин ээлеп алышкан.

Бул факты КЖБРге катталып, КР Жазык кодексинин 202-беренеси (Каракчылык) боюнча сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлүүдө. Каракчылык менен кол салуу фактысы боюнча кылмышкерлерди кармоого багытталган ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, натыйжада милиционерлер кылмышка шектүүлөрдү кармашкан.

Мындан аркы ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда милиция кызматкерлери Ысык-Ата районунан Чүй облусунун тургуну 1993-жылы туулган Т.уулу Ы. кармашты.

ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын Үчүнчү башкармалыгынын маалыматы боюнча, кармалган жаран уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат. Ал криминалдык авторитет Ж.Ч.нын жакын тууганы болот. Азыркы учурда иликтөө уланып жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

501