Бишкекте 1 саатка ижарага велосипед алып, сатып жиберген жаран кармалды. Бул тууралуу милиция кызматкерлери билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал 40 миң сомдук велосипедди 1800 сомго сатып жиберген.
«Бишкек шаарындагы Дайыр Асанов паркында кардар 1 саатка 150 сом төлөп ижарага велосипед алып, ошол бойдон кайтып келген эмес. 9-апрель күнү белгисиз жаран ИИМ ге арыз менен кайрылган. Анын айтымында 8-апрель күнү саат 21:25те шектүүгө баасы 40 миң сомдук велосипедин ижарага бергендигин жана аны кайтарылбагандыгын айткан. Иштин жүрүшүндө шектүү велосипедди 1 миң 800 сомго сатып, өзүнүн жеке кызыкчылыгына жумшап жиберген. Учурда ага Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинин негизинде талап-тоноочулук боюнча кылмыш иши козголду», — деп берилет маалыматта.