7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Улуттук банк өзүн-өзү өрттөөгө аракет кылган аялдарга көмөк көрсөтүүгө даяр

875

Улуттук банкы өзүн-өзү өрттөөгө аракет кылган аялдар үчүн коммерциялык банктар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн аянтча уюштурууга даяр. Бул тууралуу журналисттерге Улуттук банктын өкүлү Мирлан Айтпасов билдирди.

Анын айтымында, бир нече күн мурун өкмөттүн коомдук кабылдамасында аппараттын өкүлүнүн катышуусунда жолугушуу өткөрүлгөн.

“Жолугушууда насыя берүүгө байланыштуу бардык маселелер каралды. Биз мындай маселелерди массалык түрдө чече албайбыз, ар бир иш өзүнчө каралышы керек деп билдиргенбиз. Арыз менен Улуттук банкка кайрылып, ар бир коммерциялык банк менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн аянтчаларды уюштуруу сунушталган. Насыя берүүгө байланыштуу бардык маселелер объективдүү каралышы керек”, — деди ал.

Эскерте кетсек, буга чейин Чүйдүн Пригородное айылындагы айыл өкмөтүнүн имаратында аялдар өздөрүнө бензин куюп, өрттөйбүз деп коркутуп жаткандыгы айтылган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

876