7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто Куршаб-Сай сугат системасы жаңыланат

465

Бүгүн, 24-октябрда Ош облусунун Кара-Суу районундагы Отуз-Адыр магистралдык каналынын башкы суу алуу курулмасында “мезгил кутучасын” салуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев катышты.

Куршаб-Сай ирригациялык системасын модернизациялоого (жаңылоого) жалпы 1 млрд 788 млн сом бѳлүнгѳн. Курулуш иштери Кара-Суу районунун 7 айыл аймагын жана 1 шаардын аймагын камтыйт. Жалпы узундугу 52,4 чакырымды түзгөн каналдардын ичинен 42,4 чакырымы толугу менен модернизацияланат.

Бул иш-чара “Климаттын өзгөрүүсүнө туруктуу суу чарба кызматтарын жакшыртуу” (CRWSP) долбоорунун алкагында өткөрүлүүдө. Долбоор Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы (МАР) тарабынан каржыланып, Дүйнөлүк банктын колдоосу аркасында ишке ашырылууда.

466