Эквадордун президенти аны уулантуу аракети болгонун ырастады. Бул тууралуу РИА Новости кабарлайт.
Маалыматта Эквадордун президенти Даниэль Нобоа жакында Лос-Риос провинциясына болгон сапарында белек катары алган тамак-аш азыктарынан уулуу заттардын табылышы кокустук деп эсептебей турганы айтылат.
«Мен химик эмесмин, бирок өтө жогорку концентрациядагы үч башка химиялык кошулманын бар экендиги аныкталды. Бул үч заттын бир продуктуда кокустан табылышы дээрлик мүмкүн эмес», — деген Нобоа CNN телеканалына берген маегинде.
Эквадордун ЖМКлары буга чейин Нобоанын коопсуздук кызматы 17-октябрда Бабаойо шаарында өткөн иш-чарада мамлекет башчысына берилген кыямдан жана суусундуктан үч өтө уулуу кошулманын — тионилхлорид, хлорэтанол жана антраценди тапканын кабарлашкан.
Эквадордун президентин өлтүрүүгө аракет кылынгандыгы тууралуу расмий арыз 21-октябрда Лос-Риос провинциясынын прокуратурасына берилген. Иш Эквадордун Кылмыш-жаза кодексине ылайык, «Адам өлтүрүүгө аракет кылуу» боюнча кылмыш иши козголгон, ал үчүн он жылдан он үч жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган. Лос-Риос прокуратурасы учурда окуяны иликтеп жатканы айтылды.



