Президент Садыр Жапаров “КР Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” КР мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду.
Мыйзам 2025-жылдын 25-сентябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Мыйзамдын максаты президенттин 2024-жылдын 5-апрелиндеги № 90 “2024–2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын санариптик трансформациялоо концепциясын бекитүү жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруу жана президенттин администрациясынын 2025-жылдын 10-январындагы протоколдук тапшырмасынын 7-пунктун аткаруу, ошондой эле “Акылдуу шаар” долбоорунун “Коопсуз шаар” компонентин ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын ишин оптималдаштыруу болуп саналат.
Мыйзам менен КР Укук бузуулар жөнүндө кодексине төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда:
− укук бузуу жөнүндөгү иш боюнча документтерди (аныктамаларды, протоколдорду, токтомдорду, тескемелерди) өндүрүштүн катышуучуларына электрондук форматта тапшыруу;
− ага карата укук бузуу жөнүндөгү иш боюнча өндүрүш жүргүзүлүп жаткан адамга электрондук документти электрондук почтанын дарегине же болбосо СМС-билдирүү аркылуу жөнөтүү менен кошумча билдирүү;
− Электрондук документти жеткирүү жана аны башка электрондук байланыш каналдары аркылуу жөнөтүү (маалымдоо) тартибин министрлер кабинети тарабынан аныктоо.



