7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Филармонияда Кыргыз улуттук университетинин 100 жылдык мааракеси белгиленүүдө

255

Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 100 жылдык мааракеси белгиленүүдө.

Салтанаттуу иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, билим берүү жана илим тармагындагы мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, университеттин окутуучулук курамы жана студенттер катышууда.

Алгач университеттин 100 жылдык тарыхын чагылдырган тасмада окуу жайдын калыптануу, өнүгүү жолу көрсөтүлдү.

Белгилей кетсек, 1925-жылы негизделген окуу жай Кыргызстандагы эң алгачкы жогорку билим берүү мекемеси катары өлкөнүн илимий, маданий жана интеллектуалдык өнүгүүсүндө өзгөчө роль ойногон.

100 жылдык мааракеде университеттин кылымдык тарыхы, агартуучулар менен илимпоздордун эмгеги, миңдеген бүтүрүүчүлөрдүн ийгиликтери жана өлкөнүн коомдук турмушуна кошкон салымы белгиленүүдө.

256