Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университеттин 100 жылдык жолу бул — эл тарыхы менен өзөктөш, кыйын кезең доор менен тутумдаш өзгөчө тарыхый жол. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев аталган университеттин 100 жылдык мааракесинде сүйлөгөн сөзүндө билдирди.
Анын айтымында, Кыргыз улуттук университетинин билим берүү, илимди өнүктүрүү жана адистерди даярдоо багытында мамлекетке кошкон салымы чоң.
“Биз бүгүн уникалдуу окуу жайдын мааракесине келдик. Кыргыз руху Ала-Тоодой бийик жана ак мөңгүдөй таза. Мындан миң жыл мурда жашаган даанышман Жусуп Баласагындын ысымын алып жүргөн Кыргызстандагы биринчи жогорку окуу жайы бүгүн 100 жашка чыкты. 10 кылым мурда жашаган даанышман өзүнүн чыгармасын “Кут алчу билим” деп жазса, Кыргыз улуттук университети билимдин алтын багында дал ушул “Кут алчу билимди” чачыратып жаткан окуу жай. Баарыңыздарды Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун жана жалпы министрлер кабинетинин атынан кылым карыткан салтанаттуу мааракеңиздер менен куттуктайм”,- деди Касымалиев.
Белгилей кетсек, салтанаттуу иш-чаранын алкагында министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргыз улуттук университетине ыйгарылган 3-даражадагы «Манас» орденин окуу жайдын ректору Догдурбек Чонтоевге тапшырды. Андан соң, кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери жана коп жылдык ак ниет эмгеги үчүн окуу жайдын алдыңкы кызматкерлери министрлер кабинетинин Ардак грамотасы менен сыйланышты.



