7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тоңдо жылына 21 миллионго жакын инкубациялык жумуртка өндүрүүдө

301

Тоң районунда «Кыргыз бройлер» ЖЧКсы жылына 21 миллионго жакын инкубациялык жумуртка өндүрүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 26-октябрь айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев бройлер тоокторун багууга жана тоок этин өндүрүүгө адистешкен ишкананын жаңы өндүрүш аянтчасынын ачылыш аземине катышып кайткан.

Ишканада инкубация, тоют өндүрүү, бройлер өстүрүү, тоок союу, этин кайра иштетүү жана даяр продукцияны таркатуу сыяктуу толук өндүрүш цикли жүргүзүлөт. Ишканада 75 адам эмгектенет. Азыркы учурда инкубацияга жарактуу жумурткалар өндүрүлүүдө, алардын бир даанасынын баасы 42 сомдон бааланууда.

«Учурда «Кыргыз бройлер» ишканасы жылына 21 миллионго жакын инкубациялык жумуртка өндүрүүдө. Бул 30 миң тонна тоок этин өндүрөбүз дегенди билдирет. Бул мамлекет үчүн маанилүү кадам, анткени ал азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга түздөн-түз таасир этет. Кыргызстан боюнча жумуртка менен камсыз кылуу деңгээлине жетиштик», — деди Бакыт Төрөбаев.

302