7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Беназир Нурланова экономика министринин орун басары болуп дайындалды

164

Бүгүн, 27-октябрда Беназир Нурланова экономика министринин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Ал 1995-жылы 16-сентябрда Жалал-Абад шаарында (азыркы Манас) туулган, экономика жана укук тармагында жогорку билимге ээ. 

Нурланова президенттин администрациясында жана Экономика министрлигинде иш тажрыйбасына ээ, мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси.

Эмгек жолунда ал экономикалык өнүгүү, мамлекеттик башкаруу реформалары жана социалдык-экономикалык саясат боюнча стратегиялык демилгелерге катышкан жана квалификациясын жогорулатуу программаларынан өткөн.

165