7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргыз балбан кыздары дүйнө чемпионатынан кайтып келишти

322
Бүгүн, 27-октябрда Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасы Сербиянын Нови-Сад шаарында өткөн 23 жашка чейинки балбандар арасындагы (U23) дүйнө чемпионатынан мекенине кайтып келди.
Балбан кыздарды “Манас” эл аралык аэропортунан Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Казыбек Молдажиев, Спорт агенттигинин алдындагы Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын жетекчиси Мелис Тобокелов жана спортчулардын жакындары тосуп алды.
Эске салсак, Нурзат Нуртаева 72 кг салмак категориясында дүйнө чемпиону аталып, ал эми Гүлнура Таштанбекова 68 кг салмакта коло байгеге ээ болду.
323