«Кызмат» мамлекеттик мекемесинин Сузак райондук калкты тейлөө борборунун башкы адиси кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, П.Б.М. өзүнүн кызматтык абалынан пайдаланып, КР жарандыгын алууга көмөк көрсөтүү шылтоосу менен жарандардан системалуу түрдө акча алгандыгы аныкталган.
“Аталган кызматкер 21 000 сом суммасындагы акча каражаттарын электрондук капчык аркылуу кайтаруу учурунда кармалды. Учурда П.Б.М. КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди”, — деп жазылат маалыматта.
Учурда кармалган адамдын, ошондой эле бул кылмышка тиешеси бар башка кызмат адамдарынын ушул сыяктуу башка фактыларын аныктоо боюнча тийиштүү чаралар көрүлүүдө.



