7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Орунбеков айрым талапкерлердин жалган убадаларына ишенбөөгө чакырды

6

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча үгүт иштери баштала элек болсо да, баягы эски адат кайра кайталанып, куру убадалар жана мамлекет аткарган иштерди «мен бүтүрдүм» деп өзүнө ыйгарып алган айрым шылуундардын аракети байкала баштады. Бул тууралуу Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков соцтармактагы баракчасына жазды.

«Айрым талапкерлер WhatsApp топтору аркылуу өкмөт тарабынан пландуу түрдө курулуп жаткан мектептерди, жолдорду, балдар бакчаларын жана башка социалдык объекттерди «менин демилгем менен ишке ашты, мен айтып жасаттым» деген жалган маалымат менен үгүт жүргүзүп жатышат. Президент Садыр Жапаров өз маектеринде «Депутат мектеп курбайт, жол курбайт — анын баарын мамлекет аткарат. Эгер ушундай убадаларды беришсе, ишенбегиле» деп так белгилеген.

Тилекке каршы, буга карабастан, мурда мамлекеттик кызматта иштебеген, жөн гана «блогер» болуп жүрүп, азыр талапкер болуп катталган айрым адамдар чындыкка туура келбеген үгүт иштерин тымызын жүргүзүп жатышат. Урматтуу жарандар! Мындай алдамчы, калпычы жана шылуун талапкерлерге ишенбеңиздер. Кыргызстанда курулуп жаткан бардык мектептер, жолдор, балдар бакчалары жана башка социалдык объекттер — бул Өкмөттүн пландуу ишмердигинин жыйынтыгы. Аларга эч бир талапкердин түз тиешеси жок», — деди ал.

Ошондой эле Орунбеков белгилегендей, эгер талапкер шайлоо баштала электе эле «бул менин салымым» деп өкмөт аткарган ишти өзүнө ыйгарып жатса — анда ал чыныгы калпычы жана шылуун талапкер. Эртең депутат болуп калса, андан да чоң калптарды айтып, элди адаштырат.

«Ошондой эле «мен жогору жактын батасын алдым» — деп имиш тараткандар дагы болушу мүмкүн. Андайларга дагы алдын-ала эскертүү берилген, катуу чаралар көрүлөт. Ошондуктан, урматтуу шайлоочулар, ар бир талапкердин убадасын терең талдап, анын акыл деңгээлине, билими менен моралдык сапатына баа бериңиздер. Өкмөттүн аткарган жумуштарын өзүнө менчиктеп, «мен бүтүрдүм» деп айткан адамга ишенбеңиздер — андай талапкер эл ишенимине татыктуу эмес», — деп жыйынтыктады ал.

7