7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кочкор районунда жаңы спорт комплекси курулууда

272

Нарын облусуна караштуу Кочкор районунда жаңы спорт комплекси курулууда. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирет.

«Бүгүнкү күндө жер казуу иштери аткарылып жатат. Спорт комплекстин жалпы аянты—1 433,38 м². Объект Президенттик фонддон каржыланууда», — делет маалыматта.

Ал эми Курулуш иштери Курулуш министрлигине караштуу “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы тарабынан жүргүзүлүп жатат.

Белгилей кетсек, келечекте бул комплекс спорттук иш-чараларды өткөрүүгө, машыгууларга жана активдүү эс алууга ылайыкталган заманбап борборго айланып, Кочкор районунун спорттук инфратүзүмүнүн өнүгүшүнө чоң салым кошот.

273