7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Айбек Жунушалиев Чжучжоу шаарынын мэри менен жолугушту

350

Кытай Эл Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Чжучжоу шаарынын мэри Чэн Хуэйцин менен жолугушту. Бул тууралуу мэрия билдирет.

 

Маалым болгондой, жолугушууда Айбек Жунушалиев Бишкек Чжучжоу менен ар кандай багыттар боюнча, анын ичинде транспортту башкаруу, жеңил өнөр-жай жана башка тармактарда тажрыйба алмашуу боюнча кызматташууну өнүктүрүүгө кызыктар экенин баса белгиледи.

 

Мэр ошондой эле Бишкекте жагымдуу инвестициялык климатты түзүү жана жеке секторду колдоо артыкчылыктуу экенин баса белгиледи.

 

Өз кезегинде Чэн Хуэйцин Чжучжоунун Бишкек менен ар тараптуу байланыштарды андан ары чыңдоого болгон умтулуусун тастыктап, эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө даяр экенин билдирди.

351