7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМКнын аскер бөлүгүндө жаш жоокерлер ант беришти

400

Бүгүн, 29-октябрда КР УКМКнын аскер бөлүгүндө Камчыбек Ташиевдин катышуусунда “2025-Күз” толуктоого келген жаш жоокерлер салтанаттуу түрдө аскердик ант беришти. Бул тууралуу аталган комитеттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жаш жоокерлердин ант берүүсүнөн сырткары, 2024-күз чакырылышында аскерге келген жогорку билимдүү жоокерлер биринчи запастагы “лейтенант” офицердик наамдарын жана погондорду тапшыруу аземи болуп өттү.

УКМК төрагасы ант берген жаш жоокерлерди куттуктап, аларды аскердик милдеттерди татыктуу жана жогорку кайраттуулук менен аткарууга чакырды. Генерал-полковник мекен алдында чоң жоопкерчилик алып, мамлекеттин туруктуулугун сактоодо кызмат өтөөгө белсенип жаткан ар бир жоокер, жүрөгүндө өчпөс жалыны менен, эл үчүн, жер үчүн болгон күч аракетин жумшоосу керектигин кошумчалады.

Иш-чаранын соңунда УКМК төрагасы К.Ташиев жаш жоокерлердин ата-энелери менен жоолугуп, алар менен пикир алышты.

401