7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Камчыбек Ташиев милиция кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

188

Бүгүн, 29-октябрда Камчыбек Ташиев милиция кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады куттуктады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Малыматка ылайык, Ташиев мамлекеттин, коомдун жана жарандардын коопсуз жашоосун, алардын мыйзамдуу укуктарынын корголушун камсыздоо милдетин аркалаган кыргыз милициясынын 101 жылдыгы, кылымдык тарыхты камтый тургандыгын белгиледи. Кесип ээлерине чың ден-соолук, күч-кубат жана бакубат жашоо каалады.

УКМК башчысы мамлекет мындан ары да кызматкерлердин иштөөсү жана кызмат өтөөсү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү менен катар, социалдык коргоо жагын жакшыртууга жана милициянын материалдык-техникалык базасын чыңдоого өбөлгө болуучу чараларды ишке ашыруу улантыларын кошумчалады.

Жолугушуунун жүрүшүндө бир катар милиция кызматкерлерине атайын кызматтын башчысы тарабынан сыйлыктар тапшырылды.

Белгилей кетсек, 1924-жылдын 1-ноябрь күнү Кара-Кыргыз Автономиялуу облусунун Революциялык комитети тарабынан Административдик бөлүм түзүлүп, анын курамына облустук милиция башкармалыгы да кирген. Бүгүнкү күндө бул дата Кыргыз милициясынын түзүлгөн күнү катары белгиленип келет.

189