7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Балыкчыда 60 даана жаңы көчө чырагына старт берилди

299

Бүгүн, 29-октябрда, кечки саат 18:45 те Балыкчы шаарында жаңы көчө жарыктандыруу системасын ишке киргизүү башталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта, жарыктандыруу этнопарктан башталып, айланма жолго (круговойго) чейинки аралыкта жалпы 60 даана заманбап, көчө чырактары иштетилгени белгиленген.

Жарыктандыруу иши Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевичтин тапшырмасына ылайык ишке ашырылды.

Балыкчы шаарынын мэри Баатырбек Жантаев жаңы көчө жарыктандыруу системасын ишке киргизүү салтанатында шаардын тургундарына кайрылуу жасады.

“Шаарда кылынып жаткан иштердин баардыгы сиздер үчүн, урматтуу Балыкчы шаарынын тургундары. Мен ойлойм, шаардыктарыбызга жагат деп, шаарыбызда сонун жаңылык болду. Жаңы чырактар шамалга туруштук бере тургандай кылып заводдон атайын заказ кылынган. Мурдагы орнотулгандар адистер нормаларды эсептеп, шаарыбызга кайсы түрү туура келерин аныктоо үчүн сыноо катары коюлган болчу», — деп түшүндүрдү ал.

Соңунда Баатырбек Жантаев бул долбоорду ишке ашырууга колдоо көрсөткөн Кыргызстандын жетекчилерине ыраазычылык билдирди.

 

300